Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына 6 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен президент судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 6 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчынын аталган 6 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары чыгып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Ысык-Көл райондук сотуна: Акматова Мээрим Маматкадыровна; Жусупбекова Космира Айтакуновна; 

– Түп райондук сотуна: Астаев Батырхан Алтынбекович;

– Тоң райондук сотуна: Сыдыгалиева Асел Бабановна;

–  Жети-Өгүз райондук сотуна: Шаршеев Адилет Нуркамильевич;

– Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна: Ибраимов Нурдин Жолдошмаметович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.