Судьяларды тандоо боюнча Кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун атына Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Баткен, Ош, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык өз кызмат орундарына 9 талапкер, ошондой эле Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык бош кызмат орундарына 7 талапкерге, жалпы 16 талапкерге сунуштар келип түшкөн.
Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн 15 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.
Мамлекет башчынын жогоруда аталган 15 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:
– Баткен облусу:
Баткен облустук соту:
Абышова Кундуз Сабырбековна;
Кадамжай райондук соту:
Ажиматов Улан Абдыкаарович;
Тажибаев Илязбек Курванбекович;
Лейлек райондук соту:
Абдимиталипов Эльярбек Бахадирович;
Сүлүктү шаардык соту:
Эрматова Гулзат Муктаровна;
Кызыл-Кыя шаардык соту:
Адимов Акылбек Акматович;
– Ош облусу:
Кара-Суу райондук соту:
Гуламидин уулу Элчибек;
Ош шаардык соту:
Турдалиев Ниязбек Назарович;
– Жалал-Абад облусу:
Ноокен райондук соту
Чоноев Чынгыз Мелисович;
Жалал-Абад шаардык соту:
Ганиев Жоомарт Махамадисакович;
– Чүй облусу:
Чүй облустук соту:
Кыдыралиева Нурзат Амантуровна;
– Талас облусу:
Талас шаардык соту:
Суйналиев Дамир Суйунтаевич;
– Бишкек шаары:
Бишкек шаардык соту:
Бекбаева Нурия Хусаиновна;
Накешова Минура Асылбековна;
Токтосунов Шарабидин Бекташевич.
Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.