Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президент Садыр Жапаровдун атына Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпысы 13 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 10 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болгон. Ал эми 3 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

Президент 10 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол коюп, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

— Жалал-Абад облусу:

Чаткал райондук соту:

Шарипбай уулу Керимбек;

— Чүй облусу:

Чүй облустук соту:

Койлубаев Алмаз Абдракунович;

Умуркулов Таалайбек Асканович;

— Бишкек шаары:

Бишкек шаардык соту:

Аккозуев Талант Ниязакунович;

Есекеев Керезбек Суеркулович;

Илиязова Назгүл Асанбековна;

Кожомбердиев Нурлан Кожомбердиевич;

Момуналиев Адис Жолдошбекович;

Чериков Нурлан Кийикбаевич;

Эсеналиев Нурбек Канатбекович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.