Жетим-Тоо маселеси дагы көтөрүлүп, Садыр Жапаров жооп кайтарды

Жарандык активист Гүлжигит Исаков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго суроо салды. Анын билдирүүсүндө: Садыр Жапаров 29-январдагы жарлыгы менен “Fortescue Future Industries” компаниясынын милдеттенмелерин аткара баштады. Кыргыздар ойгонушу үчүн дагы кандай далилдер керек?” — деп жазылат. Жарандык активисттин айтымында, аталган компания Жетим-Тоо кенин иштеткени жатат. Гүлжигит Исаков ошол эле билдирүүгө “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жарлыгынын көчүрмөлөрүн да тиркеп, анда жарандык активисттин баамында келечекте кооптуу жагдайды жаратышы мүмкүн болгон учурлар белгиленген.

Ушул эле билдирүүгө президент Садыр Жапаров да комментарий калтырды. Ал “Мени Кыргыз өлкөсүнө кыянат кылгандан Кудай сактасын. Мен элдин байлыгын бирөөгө бербейм” деп жооп калтырган.