Жогорку Кеңештин комитети Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси кызматына жаңы талапкерди колдоду

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси кызматына Кайрат Осмоналиевдин талапкерлигин жактырды.

Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Ниязалиевдин айтымында, Осмоналиев 2010-2016-жылдары Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын проректору болуп эмгектенген. «Ал англис тилинде эркин сүйлөйт. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда экономикалык, саясий жана башка багыттарды өркүндөтүү маселеси турат. Биз Кайрат Осмоналиевдин талапкерлигин колдоп берүүнү суранабыз», — деди ал.

Кайрат Осмоналиев учурда БШКнын мүчөсү.