«Бүт дүйнөгө уят кылды». ЖК комитети өкмөткө министр Бейшеналиевди кызматтан алууну сунуштады

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге ишеним көрсөтпөө сунушун өкмөткө жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде өткөн комитет жыйынында белгилүү болду.

Министр Бейшеналиев өзү комитеттин жыйынына келген жок. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алымкадыр Бейшеналиев жугуштуу оорулар ооруканасынын ачылышына катышуу үчүн түштүк аймагына кеткенин билдирди.

Депутат Жанар Акаев анын 2 жумадан бери комитеттин жыйындарына келбей жатканын билдирип, соңку күндөрдөгү министрдин аракеттери кыргыз медицинасынын аброюн дүйнө элинин алдында түшүрүп салганын белгиледи.

«Азыр биз аракеттеги Баш мыйзам менен жашайбыз. Президенттик башкаруу формасына өтө элекпиз. Ошондуктан парламенттин азыр күчү бар. Министр Бейшеналиевдин улам-улам комитетке келбей койгону туура эмес. Бул өкмөт — парламенттин өкмөтү, буларды биз кураганбыз, жоопкерчилик бизде. Демек, ушуну эске алуу менен бирге бүгүнкү күн тартибине министр Бейшеналиевге ишеним көрсөтпөө сунушун берем. Бир гана парламентке болгон мамилеси үчүн эмес, өзүнүн соңку аракеттери менен Кыргызстандын медицинасын бүт дүйнөгө уят кылганы үчүн. Аны кызматтан алууну премьер-министрге сунушташыбыз керек. Анын ордуна компетенттүү адамды коюшубуз керек. Күн тартибиндеги башка маселелерди карабайбыз. Бир гана министрге ишеним көрсөтпөөнү карашыбыз керек», — деди Акаев.

Сунушту комитет мүчөлөрү колдоп беришти. 16-апрелде Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын колдонуп жатканын айтып чыккан. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин белгилеген. Президент экөө кайнатманы даярдап жатканын, дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган. Бул билдирүү коомдо кызуу талкуу жараткан. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму жана бир катар адистер коронавирустан дарылоодо уу-коргошундун (аконит) пайдасы далилдене электигин эскерткен.