Спикер Талант Мамытов коронавируска кабылдыбы? Расмий жооп

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов коронавируска чалдыгып калгандыгы тууралуу өздүк булактар СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирген. Бирок бул боюнча маалыматты парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Индира Куралбекова четке какты.

“Талант Мамытов ПЦР-тест тапшырып, жыйынтыгында аталган оору жок болуп чыккан жана айтылган ушак-кептер чындыкка да келбейт. Учурда төрага жумуш ордунда иштеп жатат”, — деди Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы.

Ал эми агенттикке келген маалымат боюнча төрага соңку апта ичинде жумушка чыга элек. Кечээ, 23-июнда өткөн парламенттин жыйынына да төрага келген эмес. Ушул жуманын башында Ак Үй дезинфекциялык тазалоодон да өткөнү маалым.