ЖКда референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору кворум болбой калганы үчүн добушка коюлган жок

ЖКда референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору кворум болбой калганы үчүн добушка коюлган жок. Кечээ, 3-декабрда Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун карады.

Жогорку Кеңештин регламенти боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбооруна добуш берүүгө кеминде 61 депутат катышууга тийиш. Ал эми парламенттин жыйындар залында кыркка жетпеген депутат отурган. Дал ушул себеп менен референдум өткөрүү добушка коюлган эмес.