ЖККУнун кезексиз онлайн-жыйынына Акылбек Жапаров Садыр Жапаровдун ордуна катышат

Бүгүн, 10-январда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн режиминде ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына катышат. Анда «Казакстандагы абал жана аны жөнгө салуу чаралары жөнүндөгү» маселе талкууланат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун 10-январдан тартып кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкканы маалым болду.