Жогорку Кеңештин комитети Кыргызстандын Италиядагы жана Кувейттеги элчисине талапкерлерди жактырды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Италиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына Таалайбек Базарбаевдин талапкерлигин жактырды. Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды. Буга чейин Таалайбек Базарбаев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кадрлар департаментинин директору болуп иштеген.

Депутаттар ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кувейттеги элчиси кызмат ордуна Азамат Карагуловдун талапкерлигин колдошту. Ал Тышкы иштер министрлигинин Кувейт менен байланыштар бөлүмүнүн директору.