Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси кызматына Талант Султановдун талапкерлиги парламенттик комитетте жактырылды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына Талант Султановдун талапкерлигин жактырды.

Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды. Буга чейин Талант Султанов «Кыргыздипсервис» дипломатиялык кызматы мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп иштеген. Ал 43 жашта.