Депутаттар эмгек өргүү үчүн 200-300 миң сом алат делген акча боюнча Жогорку Кеңеш расмий жооп берди

Жогорку Кеңештен экс-депутат Исхак Масалиевдин депутаттар 200-300 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасына ээ болду деген билдирүүсүнө жооп беришти. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова берген маалыматы боюнча, депутаттар жогоруда айтылган суммадагы эмгек өргүүсү үчүн акча алышпайт. Анын айтымында, эл өкүлдөрү иштеген тажрыйбасына жараша эмгек өргүү акысын алышат, бирок 200-300 миң сомго жетпейт.

“Депутаттар кечээ гана сессиялык жылын аякташты жана эч ким өргүүгө чыга элек. Ошондой эле эмгек өргүүсүнө берилчү акча дагы которула элек”, — деп билдирди парламенттин басма сөз кызматынын башчысы.