Жо Байдендин Арстан Алайга кандай байланышы бар?

АКШда президенттик шайлоону утуп чыккан Жо Байдендин Арстан Алайга кандай байланышы бар? Арстан Алай өзү мындайча байланыш бардыгын баяндады: «Кыздар айтып калышты, кыргыздарга виза бербей жатат, агай элдер суранышты, Америкага вирус жөнөтүп койсунчу деп… Азыркы президентке (ред. Жо Байден) абдан ыраазы болуп калдым. Мен ойлоп калдым, биздин маалымат жеткен экен деп. Добуш берүү башталганда эле бизге «ааламдык депутат силерсиңер, чечим чыгаргыла» деген тапшырма түштү. Биз анан талкууладык, Трамп утуш керекпи же Жо Байден утуш керекпи деп. Анан Жо Байденге токтолуп, ошону колдойбуз дегенбиз, мээрим төктүк. Шайлоодон утуп чыкканда мен аябай кубанып калдым, демек, мен айткан шартты Америка аткарды».

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрүңүз.