Жогорку Кеңеш 3 министрди кызматка дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Алымкадыр Бейшеналиевди Саламаттыкты сактоо министри, Нурия Кутнаеваны Санариптик өнүктүрүү министри, ал эми Гүлнара Баатырованы Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, алардын талапкерлиги жактырылды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Жалолидин Нурбаев Араван районунун Мангыт айыл аймагындагы ооруканага кошумча орундуктарды ачуу, Төбө-Коргон айыл аймагындагы оорукананын имаратын оңдоо иштерин баштоону тездетүү маселесине көңүл бурду. Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков аймактардагы медицина кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогоруталуу, жаңы аппараттар менен жабдуу сыяктуу сунуштарын билдирди. Депутат Шарапаткан Мажидова медициналык-социалдык эксперттик комиссия ишине эл арасында нааразычылык күч экендигин белгилеп, жаңы министрге бул тармакты реформалоо боюнча сунуштарын айтты. “Түндүк” системасы аркылуу электрондук тактама алууну жакшыртуу маселесин козгогон депутат Талант Мамытов аймактагы тургундарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууну белгиледи.

Депутат Айбек Осмонов Ош шаарына келген кымбат баалуу компьютердик томография керектүү имараттын жоктугунан эки жылдан бери иштебей турганын айтып, Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылды. Депутаттын суроосуна жооп берген Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу бул багытта керектүү каражат толук бөлүнүп берилгенин кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Айсара Абдибаева дары-дармек тармагын реформалоону аягына чыгаруу, менчик клиникалардын калкка кызмат көрсөтүү бааларын турукташтыруу сыяктуу бир катар сунуштарды көтөрдү. Депутат Аманкан Кенжебаев ижарада отурган Сокулук райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына имарат куруу, аймактарда колдонулуп жаткан эски кызматтык унааларды колдонуудан чыгаруу сыяктуу талаптарын айтты.