Жогорку Кеңеш 3 вице-спикерди шайлады

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер кызматына «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан Жамиля Исаева, «Ишенимден» Нурбек Сыдыгалиев, бир мандаттуу депутаттардан Улан Примов шайланды.

Алгач аталган кызмат орундарына депутаттар Жамиля Исаева, Нурланбек Азыгалиев (№ 22 Жайыл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча), Нурбек Сыдыгалиев жана Улан Примовдун (№ 11 Алай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча) талапкерлиги сунушталып, аларды парламенттин бирдиктүү комитети колдоду. Андан соң бул маселе жалпы жыйында талкууланып, жашыруун добуш берилди. Жыйынтыгында Исаевага 74 добуш, Сыдыгалиевге 74 добуш жана Примовго 59 добуш берилип, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары болуп шайланышты. Бул боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Буга чейин Жогорку Кеңештин түзүмүнүн долбоору, анын ичинде спикердин 3 орун басары болору жактырылган.