Жогорку Кеңеш башкы прокурордун жылдык отчетун канааттандырарлык деп тапты

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурор Курманкул Зулушевдин 2020-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу башкы прокурордун бир жылдык отчетун канааттандырарлык деп тапты.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев депутаттарга ыраазычылыгын билдирип, берилген суроолор, коюлган сунуштар эске алынарын айтты.