Жогорку Кеңеш билим берүү министри кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында билим берүү министри кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлиги каралып, жактырылды.

Жыйында айтылгандай, ал 14-февралдан бери билим берүү министринин милдетин аткарып жаткан. Анын талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдошту.

Алмазбек Бейшеналиев бир жылга жетпей кайра билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Ал жогорудагы кызматтан өткөн жылдын май айында бошотулган болчу. 2021-жылдын июнь айында Кыргыз өлкөсүнүн Швейцариядагы элчиси болуп дайындалган эле.