Жогорку Кеңеш билим берүү министрине Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 5-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевнанын талапкерлигин билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоого макулдашуу үчүн президенттин сунушу каралды.

Талапкерди Алмасбек Абытов тааныштырып, Кендирбаеванын эмгектик ишмердүүлүгүнүн жана кесиптик жетишкендиктеринин негизги этаптарына токтолду.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырышты.

28-сентябрда Кендирбаева билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.