Жогорку Кеңеш чек арадагы жаңжалды жабык талкуулап жатат

иллюстрация

Жогорку Кеңеш 6-майдагы жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды жабык талкуулап жатат.

Парламентте президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү ушул тушта Баткенде жүргөндүктөн, маселени эмки аптада кароо тууралуу демилге көтөрүлгөн, бирок ал добуш берүүдө колдоо тапкан эмес. Айрым депутаттар чек ара маселеси ачык талкууланышы керектигин билдиришкен.

Буга чейин парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу бир канча чечимди кабыл алган жана ал 6-майдагы жалпы жыйынга чыгарылары айтылган.