Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңеш Эдил Байсаловду кызматтан бошотуу тууралуу сунушун президентке жөнөтүү чечимин кабыл алды. Мындай чечимди колдоп 72 депутат добуш берсе, 3 эл өкүлү каршы болду.
Эдил Байсалов — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
Ал 20-июнда парламенттин комитеттик жыйынында депутаттар менен кайым айтыша кеткен. Анын ошол сөзү жана андан кийин ЖМКларга берген маеги кечээ, 21-июнда жана бүгүн 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында бир канча жолу көтөрүлгөн болчу.