Кечээ, 22-декабрда парламент жаңы Салык кодексинин талаштуу долбоорун үч окууда кабыл алды. Жаңы кодексти 83 депутат колдосо, 2 гана эл өкүлү каршы болду.
Буга утурлай дал ушул жаңы Салык кодексине каршы митинг болуп өттү. Жогорку Кеңештин жыйынында да кызуу талкуу болду. Бир нече добуш берүүдөн кийин Салык кодексинин долбоору кабыл алынды.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-январынан тарта жаңы Салык кодекси күчүнө кириши керек. Буга чейин сатуучулардын кассалык аппараттары болсо, аларды салыктан бошотуу сунушталган.