Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жедигер Саалаевди Конституциялык соттун судьялык кызматынан бошотууга макулдук беришти.
Президенттин парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовдун айтымында, Жедигер Саалаевдин ыйгарым укуктары аяктады. Ал 2015-жылдын май айында жети жылга судья болуп шайланган.