Жогорку Кеңеш “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Демилгечи депутат белгилегендей, мыйзам долбоорунун негизги максаты 1999-жылдан бери колдонулуп жаткан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга чет өлкөлүк уюмдар жөнүндө толуктоо киргизүү каралган. “Өлкөдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жалпы коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын кандай булактардан каржыланып жаткандыгы, келип түшкөн каражаттардын кандай максаттарга жумшалгандыгы отчеттуулукта ачык-айкын көрсөтүлүүгө тийиш. Бул мамлекетин коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирет, биз муну өлкөбүздүн коопсуздугун коргоо максатында иштеп чыктык. Экинчиден, 17-беренеге алардын иштөө аракеттерин, мыйзам чегинде ишмердүүгүн жазып киргиздик. Андан сырткары, алардын иш мерчемдерине мамлекеттик көзөмөл болуш керек деген максатта Кылмыш-жаза кодексине жоопкерчилик киргизип жатабыз”, — деди ал.
Талкууда депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорунун концепциясына каршы чыгып, Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбестигин баса белгиледи. Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.