Депутаттар Конституциялык соттун төрагасы менен Жогорку Соттун төрайымынын кызматтан кетүү тууралуу арызын жактырды

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун төрагасы Карыбек Дүйшеев менен Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакированын кызматтан кетүү тууралуу арызын колдоду.

Депутат Исхак Масалиев алар мөөнөтү бүткөнгө чейин иштейбиз деп ант беришкендиктен, аларга кысым көрсөтүлдүбү же жокпу сурады.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытов кызматтан кетүү тууралуу арызын алар өз каалоосу менен жазышканын билдирди. «Эч кандай кысым болгон жок», — деди ал.