Жогорку Кеңеш Кулубаевди тышкы иштер министри кызматына дайындоого макул болду

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңеш Жээнбек Кулубаевдин тышкы иштер министри кызматына талапкерлигин карады.

Депутаттар тышкы иштер министри кызматына дайындоого макулдук берди. 71 депутат анын талапкерлигин колдоду.

Кулубаев 2021-жылдын августунан бери президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.