Жогорку Кеңеш Мелис Тургунбаевди Улуттук банктын төрагасы кызмат ордуна шайлады

Жогорку Кеңеш Мелис Тургунбаевди Улуттук банктын төрагасы кызмат ордуна шайлады. Аталган маселе боюнча президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.
Депутат Гуля Кожокулова Мелис Тургунбаевден кызматка киришүү менен Улуттук банкта кандай өзгөрүүлөр болорун сурады. Ошону менен катар депутат Улуттук банк өз ыйгарым укуктарын толук колдонуп, банктын деңгээлин көтөрүүгө чакырды. Депутат Динара Ашимова банктарга ислам принциптери менен каржылоо системасына өтүү сунушун берди. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Мелис Тургунбаевди Улуттук банктын төрагасы кызмат ордуна шайлады.