Жогорку Кеңеш Мелис Тургунбаевдин талапкерлигине макулдук берди

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна сунушталган Мелис Тургунбаевдин талапкерлигине макулдук берүү маселеси каралды.

Жыйында талапкер тууралуу президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Конституциялык мыйзамдар боюнча комитет Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин карап, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алган. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш сунушталган талапкердин дайындалышына макулдук берди.