Жогорку Кеңеш парламент түзүмүн бекиткен жок, бул маселе жаңы жылдык майрамдардан кийин каралат

Жогорку Кеңеш 30-декабрда парламенттин түзүмү боюнча иштеп жаткан комиссия тарабынан сунуш жок болгондугуна байланыштуу парламент отурумун жыйынтыктады.

Төрага Талант Мамытов белгилегендей, парламент бул маселени жаңы жылдык каникулдан кийин кайрадан карайт. Буга чейин атайын комиссиянын 7 комитет түзүп, төраганын 4 орун басарын шайлоону сунуштаган долбоорун депутаттар колдоого алган эмес.