Жогорку Кеңеш «Референдум тууралуу» мыйзам долбоорду дароо эки окууда кабыл алды

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңеште “Референдум тууралуу” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Анда 10-январга белгиленген жалпы элдик добуш берүүдө мамлекеттик башкаруу формасы боюнча суроо берилиши каралган.

Добуш берүү учурунда 64 депутат каттоодон өтүп, 4 эл өкүлү каршы болушту. Алар: Айсулуу Мамашова, Дастан Бекешев, Каныбек Иманалиев жана Наталья Никитенко.

Бул мыйзам долбоору жогоруда аты аталган эл өкүлдөрү жана депутат Өмүрбек Текебаев тарабынан катуу сындалган.

Бүгүн эртең менен жогорудагы мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы болуп жаткан жарандар  парламенттин имаратынын жанына чогулушкан. Алар жыйынга келе жаткан депутаттарды “позор”, “уят” деп кыйкырып тосуп алышкан эле.