Мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири, депутат Замирбек Мамасадыков маалымат берди. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин өркүндөтүү, ошондой эле саясий партиялардын жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлердин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого кыйла натыйжалуу катышуусуна көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Ошентип, конституциялык мыйзамдын долбоору шайлоо алдындагы мезгилде саясий партиялар жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланган талапкерлер пайдалана ала турган үгүтчүлөрдүн санын кыскартууга багытталган.
Азис Сапаралиев жаратылыш ресурстары министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Сапаралиев Азис Айнабаевич жаратылыш ресурстары, экология жана...