Жогорку Кеңеш шайлоо алдындагы мезгилде үгүтчүлөрдүн санын кыскартууга багытталган мыйзам долбоорун четке какты

Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири, депутат Замирбек Мамасадыков маалымат берди. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин өркүндөтүү, ошондой эле саясий партиялардын жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлердин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого кыйла натыйжалуу катышуусуна көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Ошентип, конституциялык мыйзамдын долбоору шайлоо алдындагы мезгилде саясий партиялар жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланган талапкерлер пайдалана ала турган үгүтчүлөрдүн санын кыскартууга багытталган.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Арсланбек Малиев ар бир шайлоо округунда 120 миңге чейин шайлоочу бар экенин белгилеп, бир мандаттуу округдардан шайланган талапкерлер тарта турган үгүтчүлөрдүн санын кыскартпоону сунуштады. Эл өкүлү Дастан Бекешев да бул пикирди колдоп, үгүтчүлөр талапкерлердин шайлоо программасы тууралуу шайлоочулардын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча маанилүү иштерди аткарып жатканын кошумчалады. Ал эми депутат Исхак Масалиев үгүтчүлөрдүн конкреттүү санын белгилебей, алардын санын округдагы шайлоочулардын жыштыгына жараша пайыз менен аныктоону сунуштады.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды.