Жогорку Кеңеш таксилерди лицензиялоо боюнча мыйзам долбоорун четке какты

Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, четке кагышты.

Депутат Марлен Маматалиев Министрлер кабинетине документ кабыл алынса, жумушсуз кала турган оң рулдуу унаа ээлери үчүн альтернативдүү акча табуу жолдорун иштеп чыгууну сунуштады. «Таксисттердин 60 пайызы оң рулдуу унааларды айдашат. Министрлер кабинети алардын сол рулдуу унаасын сатып алууга субсидия бере алабы? Европадан келген сол рулдуу унааларга салыкты убактылуу алып салуу керек», — деди ал.

Депутат Сеид Атамбаев мыйзам долбоорун эки жылга жылдырууну же кайра иштеп чыгууга кайтарууну сунуштады.