Жогорку Кеңеш талаш-тартыштан кийин казино боюнча мыйзамды ачык карамай болду

Архив

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңеште кумар оюндарына байланыштуу мыйзам долбоору жабык эшик артында каралмак. Журналисттер жок кароо боюнча сунуш добуш берүүгө коюлуп, буга 43 депутат «макул» добушун берсе, 3 эл өкүлү каршы болду. 

Депутат Дастан Бекешев бул жерде жашыруун эч нерсе жок экенин, журналисттер катышса да, ачык караса болорун айтты. Ал эми депутат Исхак Масалиев жабык режимде карай турчу коопсуздук маселеси эместигин айтты. Вице-спикер Улан Примов бул маселе боюнча чечим кабыл алынганын айтты.

Кийинчерээк парламент журналисттерди жыйын залына киргизип, мыйзам долбоорлорун ачык режимде кароону чечти. Буга чейин Экономика министрлиги бир нече мыйзам долбоорлорун жана Кыргызстандын бардык аймактарында чет элдиктер үчүн кумар оюндарын өткөрүүгө уруксат берүү боюнча токтомду коомдук талкууга койгон.