Жогорку Кеңеш Токон Мамытовду Акыйкатчы кызматынан бошотту

Жогорку Кеңеш 20-октябрдагы жыйынында Токон Мамытовду Кыргызстандын Акыйкатчысы кызматынан бошотту.

Буга чейин Мамытов парламенттик шайлоого партия тизмеси менен баратканы жана отставкага кетүү тууралуу арыз жазгандыгы маалымдалган. Мамытов бул кызматта 2018-жылдын 26-сентябрынан бери иштеп келген.