Жогорку Кеңеш Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алды

Жогорку Кеңеш бүгүн, 29-сентябрдагы жыйында Толкунбек Абдыгуловдун Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагалыгынан кетүүсүн колдоду. 62 депутат «макул», 4 адам «каршы» деп добуш берди.

Абдыгулов колдоосу үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирди. Депутаттар аны кол чабуулар менен узатышты.