Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш бүгүн, 29-сентябрда Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин жактырды.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин башчысынын орун басары Гүлшат Асылбаева регламентке ылайык, жабык электрондук добуш берүүнү сунуштады. Бөкөнтаевдин талапкерлигин 76 депутат жактырып, 5 депутат «каршы» добуш берди. Жалпы 95 депутат катталган.