Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында кечээ, 5-сентябрда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова, президенттин кеңешчиси, президенттин Администрациясынын башкармалык башчылары жана тармактык бөлүм башчылары, башкы прокурор, ИИМ орун басары, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы, президенттин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин мүчөлөрү, Аалымдар кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, белгилүү дин ишмерлеринин катышуусунда кеңешме өттү.
Жыйынтыгында бардык тараптардын пикирлерин эске алуу менен аталган мыйзамдын долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилмей болду.