Жогорку Кеңешке эки жаңы депутат келди

Жогорку Кеңешке эки жаңы депутат келди. Бүгүн, 7-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы бошогон мандаттарды Бурун Аманова менен Шайлообек Атазовго тапшырды.

Эл өкүлү Клара-Гүлнара Самат Кыргызстандын Орусиядагы элчиси кызматына дайындалганда Жогорку Кеңеште бир мандат бошогон. Бул орунга «Ата Мекен» партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкер Бурун Аманова келди.

Экинчи жаңы депутат — Шайлообек Атазов. Ал президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган Искендер Гайпкуловдун ордуна келди.