Жогорку Кеңешке Исхак Пирматовдун ордуна Нурбек Мурашев келет

Бүгүн мандатын тапшырган Исхак Пирматовдун ордуна Нурбек Мурашев келет. Бул тууралуу «Бир бол» фракциясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Пирматов мандаттан өз каалоосу менен баш тарткан.

Нурбек Мурашев Айыл чарба министрлигин 2016-2019-жылдары жетектеген. Ал ушул дайындоодон мурда эле чуулгандуу окуялары менен элдин эсинде калган. 2014-жылы «Республика» фракциясынан депутат болуп турганда, Улуттук госпиталдын дарыгерин сабап салган. 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Бир бол» партиясынан талапкерлигин көрсөтүп жатканда, “Өнүгүү” партиясынын өкүлү, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутатына кол көтөргөн. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Бирок жабырлануучу арызын кайтарып алып, иш жабылган. 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо шайлоочуну бетке урган. Бул боюнча милиция кылмыш ишин козгогон эмес. Алар буга чиновниктин эч кимди сабабагандыгын, кокустан шайлоочунун бетине тийип кеткендигин жүйө келтиришкен. Мурашев Айыл чарба министрлигинин башчысы кызматын аркалап турганда президент, премьер-министр жана депутаттар тарабынан дайыма сынга алынып келген.