Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди. Кечээ, 3-ноябрда БШКнын жыйынында ага депутаттык төш белги жана күбөлүк тапшырылган.

Мандатты “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын тизмеси боюнча талапкер Нурбек Исмаилов алды. Ага чейин Мейкинбек Абдалиев өз каалоосу менен депутаттыктан кеткен.

Мейкинбек Абдалиев апрель айында депутаттык мандат алган эле.