Жогорку Кеңеште эки депутат мушташа кете жаздап, аларды депутат айым ажыратты

Жогорку Кеңештин 7-декабрдагы жыйынында “Ынтымак” фракциясынан депутаттар Эрулан Кокулов менен Бакыт Тентишевдин ортосунда жаңжал чыкты.

Депутаттар алгач жыйындар залында катуу үн менен сүйлөшүп, бир аздан кийин жыйындар залынын кире беришинде мушташа кете жаздашкан. Аларды депутат Аида Исатбек кызы ажыратты.

Кийинчерээк алардын кесиптештери депутаттардын ортосунда тамашадан улам түшүнбөстүк болгонун билдиришкен. Кокулов, Тентишев жана бир катар кесиптештери Кокуловдун кабинетинде сүйлөшүүнү улантышты.