Ишемби, 24.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Жогорку Кеңеште административдик-аймактык реформага байланышкан мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды

17:47 13.06.2024
0
Жогорку Кеңеште административдик-аймактык реформага байланышкан мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды

Бүгүн, 13-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында президент тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды.

Аталган маселелер боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баяндама жасады.

Акылбек Жапаров белгилегендей, административдик-аймактык реформанын алкагында айыл аймактардын саны 452ден 235ге чейин кыскарды. «Эки облустук деңгээлдеги Кара-Балта жана Кант шаарлары пайда болду. Административдик-аймактык реформага чейин 10 287 штаттык бирдик болсо, реформадан кийин 6 398 штаттык бирдик калды», — деген Министрлер кабинетинин төрагасы штатты каржылоого кеткен чыгым 4,8 миллиард сомдон 3 миллиард сомго чейин кыскарганын кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев өлкөнүн ири шаарларынын башкы пландарын жана башка шаар куруу документтерин даярдоо маселелерин тактаса, эл өкүлү Бактыбек Чойбеков административдик-аймактык реформанын алкагында кийинки этаптарды ишке ашыруу маселелерине токтолду.

Андан тышкары, депутат Исхак Масалиев жалпы административдик-аймактык реформа активдүү жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, каралып жаткан мыйзам долбоорлору кечигип киргизилгенин сындады. Эл өкүлү Медербек Алиев аймактарда кылмыштуулукка каршы болуп көрбөгөндөй күрөш жүрүп, жарандардын укуктук аң-сезими жогорулаганын айтты. Депутаттар Нуржигит Кадырбеков, Улугбек Ормонов ар бир айылда бирден айыл башчы болуш керек деген сунушту киргизишти. Депутат Жалолидин Нурбаев да бул кызматка жогорку билимдүү, тажрыйбалуу талапкерлерди дайындоо керектигин кошумчалады.

Эл өкүлү Чыңгыз Айдарбеков административдик-аймактык реформаны жүргүзүү менен бирге бириктирилип жаткан калктуу конуштардын учурдагы чарбалык маселелерин да эстен чыгарбаш керек деген пикирин билдирди.

Депутат Гуля Кожокулова жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо маселеси тууралуу сөз кылып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын токтотуу шарттары белгиленген жоболоруна токтолду. Депутат Алишер Эрбаев Ала-Букадагы, Чаткалдагы реформага көңүл бурса, эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева айрым калктуу конуштардагы санитардык зоналарынын абалына кызыкты.

Депутат Эльдар Абакиров өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн шаарларды жана айылдарды ирилештирүү боюнча чараларды колдоп, муну менен катар учурда Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу маселелерин ортого салды. Ал эми депутат Акбөкөн Таштанбеков Кант шаарындагы эмен паркынын бир бөлүгүн жеке жактарга өтүп кеткени тууралуу сөз кылып, мэрияны сейил бакты шаардыктарга кайтарып берүүгө чакырды.

Депутат Миргүл Темирбаева «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык, Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунда, Баткен жана Сүлүктү шаарларында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо аяктаганга чейин токтотулуп турсун деген пунктуна көңүл буруп, бирок буга карабастан 2024-жылдын 7-февралындагы Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде 2024-жылдын 1-апрелинде Лейлек районунда 98 муниципалдык кызматкерлер жана 3 жергиликтүү кеңештердин кызматкерлери жумуштан кетирилгенин белгилеп, бул чечимдин мыйзамдуулугу тууралуу суроолорду узатты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, биринчи окууда кабыл алынды.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:13 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:33 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Автор Эдита Ильясова
10:26 29.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү