Бүгүн, 21-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету каралды. Депутаттардын суроолоруна Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жооп берди.
Талкуу маалында депутат Мейкинбек Абдалиев 2022-жылы мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө 1 миллиард 662 миллион сомго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын айтып, бул багытта укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.
Ал эми эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев «Кыргызиндустрия» ААКнын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар барбы?» деген суроону узатып, бул уюмга 8 ачык акционердик коомду жана 8 мамлекеттик ишкананы модернизациялоо үчүн 1 миллиард сом бөлүнгөнүн айтты. «Кыргызиндустрия» аталган 16 ишкананын ишин жандандыруунун ордуна «Кыргызмык», «Кыргызтопчу» жана башка ишканаларды түзө баштады», — деген депутат отчетто «Кыргызиндустриянын» текшерүүсү тууралуу маалымат жок экенин кошумчалады.
Буга Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов “Кыргызиндустрия” ААКда 2023-жылы аудит жүргүзүлүп, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу боюнча мыйзам бузуулар аныкталганын маалымдады.
Андан тышкары, депутат Гүлшаркан Култаева аудит системасынын натыйжалуулугуна көңүл буруп, максатсыз пайдаланган каражаттарды мамлекетке кайтаруу маселесине токтолсо, эл өкүлү Кундузбек Сулайманов уурдалган каражаттарды мамлекетке кайтарып берүү мөөнөтүн кыскартуу зарылдыгын белгиледи.
Муну менен катар депутат Айбек Осмонов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарына кызыкты. Эсептөө палатасынын аудитору Алимжан Байгазаковдун айтымында, 2021-жылы аталган мекемеге 2 миллиард 700 миллион сом бөлүнүп, анан ичинде 46 миллион сомдук мыйзам бузуулар табылган. “Азыркы учурда бул каражаттардын 92 пайызы мамлекетке кайтарылган”, — деди аудитор.
Ошондой эле депутат Марат Мураталиев Эсептөө палатасынын иши тууралуу сөз кылып, Министрлер кабинетин Эсептөө палатасынын корутундуларынын жана эскертмелеринин аткарылышына көңүл бурууга чакырды. Ал эми депутат Улугбек Ормонов Эсептөө палатасынын аудиторлорунан каражатты максатсыз пайдалануу жана уурдоо деген түшүнүктөрдү ажыратуу керектин айтып, жооптуу жетекчилердин кээ бир аракеттери мыйзам бузуу катары квалификациялоого дайыма эле негиз боло бербестигин жүйө келтирди. Өз кезегинде депутат Эмил Жамгырчиев коррупциялык тобокелдиктерди жана мыйзам бузууларды жоюу жана алдын алуу үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү, алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды киргизүү маселелерин ортого салды.
Талкуунун жыйынтыгында депутаттар отчетту канааттандырарлык деп табышты.