Бүгүн, 15-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынына президент Садыр Жапаров келди. Парламентте жаңы дайындалган 5 министр ант берди.
Ант берген министрлер:
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев;
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова;
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Нурия Кутнаева.