Жогорку Кеңеште бүгүн жалпы жыйын болуп жатат. Анын жүрүшүндө «Бир Бол» фракциясынын тизмеси менен келген жаңы депутат Мамасадык Бакиров ант берди.
Бакиров буга чейин өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган Жаныбек Бакчиевдин ордун ээледи. Эл өкүлү 53 жашта. Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.