Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Бүгүн, 23-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы депутат Чынберди Төлөнов ант берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин бош калган депутаттык мандатын “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Чынберди Төлөновго өткөрүп берген. Ал жасалма диплом чуусунан кийин мандатынан ажыратылган Фархат Исмаиловдун ордуна келди.