Жогорку Кеңеште жаңы депутаттар пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-аперелдеги Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары кызматын ээлеп турган Равшан Рысбаев менен Мейкинбек Абдалиев депутаттардын күбөлүктөрүн алышты.
Белгилей кетсек, жаңы келген депутаттын экинчиси Мейкинбек Абдалиевге мандат берилди, анткени буга чейин талапкерлердин тизмесинде андан өйдөрөөк турган Абдулатип Режавалиев фракциядан чыгуу арыз жазып, кеткен.
Парламентке жаңы келген депутаттар, мыйзамсыз баюуга шектелип мандатын тапшырган Марат Аманкулов менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы болуп дайындалган Мирлан Бакировдун ордуна келишти.







