«Кыш келди. Мен көмүр маселеси боюнча комитетте да айткам. Нарын облусунун губернатору 52 пайыз көмүр менен камсыз болгонун айтып жатат. А көрсө, бул мамлекеттик мекемелерди эле 52 пайызга камсыз кылыптыр». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бейшеналы Нурдинов билдирди.
«Ушул убакта 100 пайыз камсыз болуп калышы керек эле. А элде 10 пайыз да көмүр жок. Биз биринчи элди көмүр менен камсыздашыбыз керек. Мен айттым эле, Нарынга кыш эрте түшөт, өкмөт аларга жардам берсин деп. Азыр ошол жерде 500-1000 унаа кезекте турат. Жок дегенде, Нарындан баргандарга өзүнчө кезек кылып, шарт түзүп берсек деди эле. Бул да аткарылбайт», — деди ал.
Мындан тышкары, Айсулуу Мамашова дагы көмүрдүн баасына токтолуп, кымбат болуп жатканын айтты.
«Биз күйүүчү майдын кымбат болуп жатканын айттык эле, бааларды түшүртө албарыңарды айттыңар. Ал эми көмүрдүн баасын түшүртөбүз деп өкмөт айткан эле. Бирок баасы түшпөй жатат. Эмне үчүн өзүбүз өндүргөн көмүрдүн баасы түшпөйт? Биз жөнөкөй эле жылуулук менен жарандарды камсыздай албай жатабыз. Баалар кымбат болууда», — деди ал.












