Жогорку Кеңеште Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына арналган форум өттү

Кечээ, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйындар залында вице-спикер Жамиля Исаеванын төрайымдыгы алдында Социалисттик эмгектин баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына арналган Тоо экотутумдарын туруктуу өнүктүрүү боюнча «Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо – тажрыйбалар, жетишкендиктер, келечектеги максаттар» аттуу Борбордук Азия форумунун пленардык жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин, чет өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.

Анда президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин XII чакырылышынын («Легендарлуу парламент») төрагасы Медеткан Шеримкулов, мамлекеттик жана коомдук ишмер Апас Жумагулов, Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев, депутат Исхак Масалиев, Айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров жана башка чакырылган коноктор баяндама жасашты.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин II жана V чакырылыштарынын депутаты Роза Акназарова атасынын жаркын элесине арналган пленардык жыйындын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы директорунун орун басары Девид Хильке талкууланып жаткан теманын актуалдуулугун белгилеп, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Аткаруу кеңеши Кыргыз Республикасындагы 5 жылдык иш планын бекиткендигин маалымдады. «Учурда дүйнөлүк деңгээлде азык-түлүк коопсуздугу боюнча талкуулар жүрүп жатат, анткени жаңжалдардын, пандемиянын, климаттын өзгөрүшүнүн таасиринен бул көйгөйлөр дүйнөдөгү 345 миллионго жакын адамга таасирин тийгизди», — деди ал.