Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагалыгына Адылбек Касымалиевдин, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына Данияр Амангельдиевдин, Экономика жана коммерция министрлигине Бакыт Сыдыковдун талапкерлиги каралып жатат.
Министрлер кабинетинин төрагалыгына талапкер Адылбек Амангелдиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Бишкек шаарындагы абанын булгануусун моюнга алды.
Депутат Дастан Бекешов өкмөт башчылыкка талапкер Касымалиевге Бишкектеги жол тыгыны боюнча суроо салып: «Коомдук транспортко артыкчылык беребиз деп жеке менчик авто унааларды чектеп тыгын күчөдү. Жолго эки саат кетип жатат. Бул республикалык деңгээлде эле карала турган маселе болуп калды. Ушул жатта кандай реформа болот?» — деди эл өкүлү.
«Бул чоң көйгөй. Мен азыр сизге так бир жооп айтып, ушундай жол менен чечем деп айта албайм. Бирок бул көзөмөлдөчү болчу маселе. Алдыда Бишкек шаарынын мэри менен биргеликте чечебиз», — деп жооп берди Адылбек Касымалиев.